Сайтта Кыргызстандын борбору Бишкектин айланасында жайгашкан, көп айтылбаган дагы бир нече локациялар тууралуу маалымат жарыяланды.
Горная Маевка — Бишкектен Ысык-Атага кеткен жолдун боюнда жайгашкан чакан айыл. Бул жерде трасса тоолор менен узун кумдуу дөңсөөлөрдүн кыркасын бөлүп турган кең өрөөн аркылуу өтөт. Өрөөндөрдү бир нече дарыялар тилип өткөн. Дал ушул өрөөндөрдүн жээктеринде зор кумдуу жарлар пайда болгон, алар кырканын жайпак формасы менен кескин карама-каршы келет. Жапайы чөптөр өскөн шалбаалар капысынан ондогон метр ылдый кулап, ар түрдүү түстөгү чөкмө тектердин башаламан катмарларын ачып берет. Кененирээк маалымат — локациянын баракчасында.
Тыша тоосу (айрым булактарда Тыща, Тысяча) — Аламедин менен Ала-Арча өрөөндөрүнүн ортосундагы, Бишкекке эң жакын жайгашкан тоо кыркасынын эң бийик чекити. Деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктиктен, аба ырайы ачык болгондо, керемет көрүнүш ачылат: түндүктө — Бишкек жана анын түштүк чет жакалары, түштүктө — Кыргыз кырка тоосунун негизги чеги көрүнөт. Маршруттун көпчүлүк бөлүгү өтчү аймак өзүнүн ээндиги менен таң калтырат: бир сааттык аралыкта ызы-чуу мегаполис турганына карабастан, бул жакта кээде гана койчуларды же туристтерди жолуктурууга болот. Кененирээк маалымат — локациянын баракчасында.
Чичар ашуусу деңиз деңгээлинен 2830 метр бийиктикте, бир нече кызыктуу маршруттардын кесилишинде жайгашкан. Бул жерге жетүүнүн эң оңой жолу — Чункурчак тоо-лыжа базасынын унаа токтотуучу жайынан же Супара Чункурчак комплексинен. Ашуу тараптан Аламедин дарыясынын өрөөнүнө карай тик жана узак түшүү башталат, ал Аламедин бойлой кеткен тропа менен Теке-Тор шаркыратмасына баруучу жолдун болжол менен ортосунда кошулат. Чыгыш тараптан кыска көтөрүлүү сизди деңиз деңгээлинен 2934 метр бийиктиктеги аталышы жок чокуга алып чыгат, ал жерден Аламедин өрөөнүнүн толук панорамасы ачылат. Бул аймактагы башка чокулар тууралуу локациянын баракчасынан окуй аласыз.
