Кашка-Суу шаркыратмасы (айрым карталарда Эдельвейс деп көрсөтүлөт) Бишкектин айланасындагы эки негизги дарыянын — Ала-Арча менен Аламединдин — өрөөндөрүн бириктирген жолго жакын, Кашка-Суу дарыясынын нугуна жайгашкан. Шаркыратмага унаа менен жетүүгө болот же негизги жолдон кооз аймак аркылуу кыска жөө сейилдөө жасап барсаңыз да болот. Аны дээрлик бардык тараптан — эки жээктен, ылдыйдан жана жогору жактан — көрүүгө мүмкүн. Кашка-Суу өрөөнүндө пикникке ылайыктуу көптөгөн жайлар бар. Жалпысынан алганда, бул жерге баруу жайкы дем алышта ысык шаардан чыгып кетүүнүн эң жакшы варианттарынын бири. Кененирээк...
