Ала-Арча суу сактагычы Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндө, Ала-Арча дарыясынын нугу боюнча жайгашкан. Суу сактагыч кар эриген сууну топтоо жана аны ысык мезгилде, негизинен айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануу максатында кызмат кылат. Суунун эң жогорку деңгээли апрель–май айларында болот — дал ушул маалда пирамидалуу теректер өскөн жээк тилкелери суу астында калат. Ошондуктан май айы суу сактагычта кайык менен сейилдөө үчүн эң ылайыктуу мезгил. Кененирээк...
